6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Каза болгондордун жакындары күнөөлүү тарап өз жазасын алышы керек дешет

22-июлда саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда 46 жаштагы жаран Митсубиси Паджеро үлгүсүндөгү унаа башкарып бара жатып, 25 жаштагы жигит башкарып бара жаткан Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жол кырсыгында каза болгон жарандардын жакындарды кайрылып, күнөөлүү тарап өз жазасын алышы керек экенин айтышты.

«Менин жолдошум көп жылдан бери таксист болуп иштечү. Ошол күнү адаттагыдай эле Нарындан Бишкекке сапар тартышкан. Жол кырсык болуп, жолдошумду жоготтум. Анын артында 1 жана 5 жаштагы уулу калды», — деди айдоочунун жубайы.

Каза болгондордун жакындары жол кырсыкка жол тандабастын айдоочусун күнөөлөшөт. «Окуя болгон күнү тартылган видеолорду көрдүк. Ал жерде жол тандабастын айдоочусунун бутуна тура албай жерде жатканын көрүүгө болот. Азыркыга чейин жол тандабастын айдоочусу ооруканада жатат. Биз барып көрдүк. Ал эч нерсе болбоптур. Эс алуучулардай эле жатат. Айдоочунун апасы барып, ооруканадан ага жолугуп, нааразычылыгын айтып келиптир. Дарыгерлер анын 7 кабыргасы сыныптыр, башынан жаракат алыптыр деген диагноз коюп беришиптир, чындыгында анын бутунун чыпалагы эле чыгып кетиптир», — дешет.

Мындан тышкары, алар жол тандабастын айдоочусу барып, алардан кечирим да сурап койбогонун, ал мурда Башкы прокуратурада иштеп кеткен бир тууган агасынын тааныштарына ишенип жатканын айтышат. «Анын бир тууган агасы Башкы прокуратурада 30 жыл иштеп кеткен экен. Окуя болгону айдоочу камакка алынган жок. Бул заманда акча, тааныш болсо эле болду экен да. Бизге келип бир да жолу кечирим сурап коюуга жарашкан жок», — дешти.

Ал эми окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы төмөнкүдөй маалымат беришкен.

«46 жаштагы жаран Митсубиси Паджеро үлгүсүн башкарып бара жатып, 25 жаштагы жигит башкарып бара жаткан Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөн. Алган жаракаттарынан улам жеринде Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу 3 жүргүнчүсү менен мүрт кеткен. 23-июлда аймактык ооруканада Степвагон унаасынын дагы 2 жүргүнчүсү көз жумган. Ал эми дагы эки жүргүнчү ооруканада. Митсубиси Паджеро унаасынын айдоочусун медициналык кароодон өткөрүү учурунда, анын мас абалында экендиги аныкталган. Бул факты Кемин РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угуп, чагылдырып берүүгө даяр.