«6 жерине бычак сайган». Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

24-июль күнү саат 20:30 чамасында Сузак РИИБге Өзгөн районунун Чангет айылынын 1994-жылы туулган тургуну кайрылган. Ал Өзгөн шаарынын Төлөс айылынын 1998-жылы туулган тургунунун Кыр-Жол айылында бейтааныш эки бала ур-токмокко алып, учтуу нерсе менен 6 жерине сайып жаракат келтирип, анын Шевролет-Авео үлгүсүндөгү кара түстөгү унаасын айдап кетишкендигин, жаран жолдон өтүп бара жаткан унааны токтотуп, Сузак райондук ооруканасына салып жибергендигин билдирген.

Аталган маалымат боюнча Сузак РИИБдин ыкчам тергөө тобу Сузак райондук ооруканасына барган учурда, 1998-жылы туулган М. уулу Ж. аттуу жаран денесинин 6 жерине сайылган жаракаттары менен түшкөндүгү аныкталган.

Аталган окуя боюнча жабырлануучу 23-июль күнү саат 14:00 чамасында өзүнө бейтаныш болгон өзбек улутундагы болжол менен 24-25 жана 35-40 жаштагы жарандар такси катары жалдашып, анын Шевролет-Авео универсал үлгүсүндөгү унаасына жүргүнчү катары отурушуп, “Куршаб айылына ат сатып келебиз” деп айдатып барышып, ал жерден эч кимге жолукпай, “ат саткан адам телефонун албай койду” деген шылтоо менен кайтып келишип, эртең башка жерге барып келебиз деп, анын байланыш телефондорун алып, өздөрү Өзгөн шаарында жайгашкан чайканалардын биринин жанында түшүп калышкан.

Эртеси, 24-июль күнү саат 17:00 чамасында ошол эле эки адам анын Вотсап номерине байланышып, ага Өзгөн шаарынан жолугушуп, аны дагы такси катары жалдашып, Кыр-Жол айылындагы адыр жерге айдатып барып, ал жерден денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жаткан учурда, ал аларга каршылык көрсөтүп унаадан качып түшкөн учурда, алар анын унасын айдашып, окуя болгон жерден качып кетишкендигин билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 24-июль күнү Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. 25-июль күнү Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары коңшу мамлекеттин 1985-жылы туулган А.У. жана 1992-жылы туулган С.З. аттуу жарандары Кызыл-Кыя шаарынан коңшу өлкөгө мыйзамсыз чек араны бузуп качып кирүүгө аракет жасап жаткан жеринен кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу мамлекеттин 1992-жылы туулган жараны мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөндүгү, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргендиги аныкталган. 25-июль күнү Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.