6 жылдан бери Орусияда качып жүргөн жаран Бишкекке келгенде кармалды

6 жылдан бери изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан 25-мартта 33 жаштагы Ноокат районунда туулган Р. уулу Д. Бишкек шаарынан кармалып, Ош шаарына жеткирилип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. Шектүү ошол кезде Ош шаарынын 2 тургунун алдап, 4 миллион 505 миң сомун карызга алып, кайтарбастан изин жашырып, Туркия мамлекетине качып кеткен. Убактылуу жышырынып жүрүп, Кыргыз Республикасына келген учурда, Бишкек шаарынан кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын берген маалыматына караганда бул шектүү жарандан алданып, жабыркаган жарандар Бишкек шаарында дагы ондоп саналат.