6-кабаттан кулаган наристе. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте 6-кабаттан кулаган кыздын денесинде сыныктар жок. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдан ала айтылган маалыматка караганда, 2 жашар кыз бөлмөдө балдар менен ойноп жаткан. Андан улуу 3 жаштагы эжеси диванга чыгып, терезени ачканда жанында ойноп жаткан сиңдиси кулап кеткен. Бул учурда балдардын апасы башка бөлмөдө болгон. Дарыгерлердин айтымында, наристенин денесинде сыныктар жок. Учурда менчик клиникада текшерүүдөн өтүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 139-берене (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кечээ Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2 жашар кыз кулап түшкөнүн СЕРЕП МЕДИА агенттигине жогоруда аталган РИИБден билдиришкен болчу.  Ал Чүй проспектисиндеги үйдүн терезесинен кулап түшкөн. Бүгүн анын абалы оор экени маалымдалган.