«Саунада 6 кыз болгон». Чүйдө сойкукана уюштурган делген аял кармалды

Сокулук районунда сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февралга караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору менен сойкулук менен алектенген 6 кыз да саунадан милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жогорудагы саунанын администратору 43 жаштагы аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.