60 килограмм героинди алып өтүп бара жаткан адам кыргыз-казак чек арасынан кармалды

Кыргыз-казак чек арасында героиндин ири партиясын алып өтүп бара жаткан адам казак чек арачылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Чек ара кызматы маалымат таратты.

Маалымат боюнча, Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга өтмөк болуп жаткан Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаадан баңгизат салынган баштыктар табылган. Анда 60 килограмм 370 грамм салмагындагы героин болгон. Кармалган айдоочу жана андан табылган баңгизат Жамбыл облусундагы улуттук коопсуздук боюнча комитетинин башкармалыгына өткөрүлүп берилди.