«67 кыз-келин кармалган». Дагы бир чет элдиктерди тейлеген сойкукана аныкталды

Сойкуканалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

24-ноябрда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Шопоков шаарында, Сокулук айылында, Кант шаарында, Токмок шаарында, Беловодское айылында жайгашкан даректерде фото жана видео жазуу менен Чүй облусуна, ошондой эле Бишкек шаарына сексуалдык кызмат көрсөтүүчү сойкуканалардын мыйзамсыз иштери катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) каралган кылмыштын курамы боюнча 10 сойкукана жана 1 салон аныкталып, алардын ишмердүүлүгүндө 18 жаштан 25 жашка чейинки кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен «сутенёрлор» деп аталган 7 адам кармалып, аталган мекемелердин ээлери, уюштуруучулары жана администраторлору УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Бул интимдик жайларда караоке-клуб атын жамынып иштеген Түштүк Корея жана Кытайдын жарандары үчүн кызмат көрсөтүлүп жүргөн. Интимдик кызмат көрсөтүүгө тартылган аныкталган кыздардын жалпы саны 67 адамды түздү. Учурда жогоруда аталган сойкуканалардын мыйзамсыз иштерине шефтик кылууга катышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти.