«7 бала атасыз калды». Караколдогу аэропортто темир конструкция кулап, каза болгон 2 адам тууралуу маалымат

Сүрөттөгү каза болгон Аманкулов Рустам

Социалдык тармактарда Караколдогу курулуп жаткан аэропортто 2 адам каза болду деген видео тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон жарандын бир тууганы менен байланышканыбызда, окуя кечээ, 5-июнда болгонун билдиришти.

Маалыматка караганда, аэропортто 44 жаштагы Рустам Аманкулов менен 40 жаштагы Азамат Байгелдиев аттуу Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын тургундарын темир басып калып каза болушкан. Ал эми дагы бир жаран ооруканага жеткирилип, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

«Менин бир тууганымдын жумушка киргенине 8 эле күн болгон. Каза болуп калган дагы бир жаран экөө айылдаш болчу. Негизинен ал жерде 4 адам болгон экен. Кран тийип, ширетип жаткан темирлер басып калыптыр. Ал учурда төртүнчүсү сууга кеткен экен. Басып калганда да жетекчилик, ошол жакка жооптуу бир да адам барбаптыр. Жанындагылар кран менен темирлерди көтөрүп, ооруканага жеткиришкен экен. Азыркыга чейин жоопкер адамдар байланышкан жок. Сураган да жок. Тескерисинче кайра өлгөн адамдарды күнөөлөп жатышыптыр. Ал жерде коопсуздук техникалары сакталган эмес экен. Айылдагылар чогулуп, Караколго барганда тартылган видео тарап жатат. Бир тууганымдын аркасында 4, айылдашымдын артында 3 бала калды. Алардын келечегин ойлогон эч ким жок», — деди бир тууганы.