7 КамАЗдын аккумуляторун уурдоого шектүүлөр кармалды

Бүгүн, 27-майга караган түнү ЖККББнын кызматкерлери «Бишкек-Кордай» автожолунда бараткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал катарда бир топ КамАЗдар тизилип турган. Унааны тинтүүгө алганда КамАЗдардан чечилип алынган 7 аккумулятор чыккан.

Уурулукка шектелип 1995-жылы туулган айдоочу жана 1994-жылы туулган жаран кармалды. Шектүүлөр Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

.