«7500 сом айып салынды». Бишкектеги жолду булгаган айдоочуга мэр эскертүү берди

Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Фрунзе менен Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгүн булгаган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев айдоочуга туура эмес иш-аракети жана жолду булганышын алдын-алуу чаралары көрүлбөгөндүгү үчүн эскертүү берди. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, айдоочуга шаардын жол тармагынын булганышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана жакшыртуу нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.