760 миң долларды ээлеп алган… Казакстанда издөөдө жүргөн жаран Бишкекте кармалды

Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстандын Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстанда кылмыш иши козголуп, андан кийин уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле, О.И.О. опузалоо жолу менен У.С.М. аттуу жарандын 760 миң долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстандын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.О.га Кыргыз жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда. Учурда О.И.О.нын башка Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.