Контрабандалык тамекинин 760 миңден ашуун кутулары табылды (сүрөт)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 760 миңден ашуун таңгак контрабандалык тамеки аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-мартта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облусунун аймагында УКМК чек ара кызматынын көмөгү менен 2 оор тамеки өнүмдөрүн мыйзамсыз ташыган унааларды кармаган. Андагы кармалган жүк ташуучу унаалар ар кандай өндүрүүчүлөрдөн 760 миңден ашык куту тамекини тиешелүү уруксат кагазы жок мыйзамсыз ташып бара жаткандыгы аныкталды. Ал эми алдын ала маалыматтарда айтылгандай кармалган контрабандалык жүктүн наркы 40 миллион сомдон ашат.

Учурда аталган факты боюнча тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.