«8 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган». Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Сокулукта алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиршти.

Маалыматка караганда, 16-майда Сокулук РИИБге 1965-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында аны алдап кеткен жаранга чара көрүүнү сураган. Шектүү жабырлануучудан жерин сатам деп 8 миң доллар алган. Ал 689 миң сом зыян келтирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1973-жылы туулган жаран кармалды. Шектүүнүн дагы ушул сыяктуу 8 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган. Ал соттун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.