«8 миң доллар берем деген». Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБге 1985-жылы туулган Бакай-Ата районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында өткөн жылдын 20-сентябрь күнү Сузак районундагы сары таш жасап сатуучу ишканадан жаран “1 фура сары ташыңызды берип туруңуз, мен өзүмдүн 3 фура сары ташым менен кошо Казакстанга алып барып сатып өткөрүп, сизге 8 миң доллар берем” деп 1 фура сары ташын алып кетип, акчасын бербегендигин билдирген.

Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү жаран Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1977-жылы туулган аял экендиги аныкталган. Шектүү жашаган дарегин өзгөртүп, тергөөдөн изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 11-октябрда издөө иши ачылган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.