9 миллиард сомдук 10 гектар жер… Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 га жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.