Баткенде көмүр шахтасында газга ууланган жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 19-майда Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр казуу шахтанын чуңкурунда (забой) газ чыгып, анда жумушчулар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүп берилди.