90 миллион сомго келишимди мыйзамсыз түзгөн. Ветеринардык инспекциянын мурдагы жетекчиси кайра кармалды

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Калысбек Жумаканов кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жумаканов 2017-жылдан 2020-жылга чейин жалпы 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алып келүү боюнча мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынакты жүргүзбөй эле  адамдарды жетекчилик кызматка мыйзамсыз алган. Тергөө учурунда жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык сый акы берүүдө мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринен Жумакановдун акча каражаттарын такай чогулткан фактысы аныкталды.

Калысбек Жумаканов тергөө абагына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында иштер уланууда.

Буга чейин 2020-жылдын ноябрь айында Жумаканов коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген эле. Бирок ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган болчу.