«900 миң сомго чейин акча алган». Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 4-апрель күнү милицияга Кара-Суу районунун Тельман айылынын 1992-жылы туулган тургуну кайрылган. Ал 2020-жылдын 28-декабрь күнү таанышы ишеничине кирип, 552 миң 500 сом алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Андан сырткары Кара-Кулжа районунун 1976-жылы туулган тургуну ушул жылдын 20-апрелинде арыз менен кайрылган. Ал 2020-жылдын июль айында жарандардын бири анын Жигули үлгүсүндөгү автоунаасынын документтерин тууралап берем деп, 18 миң сом жана унаанын документтерин алып, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын айткан. Ушундай эле арыз менен дагы 15 жаран кайрылган. Аталган факты Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүндө Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кечээ, 21-апрель күнү Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү катары Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмышка шектүү жарандардан 9 миң сомдон 900 миң сомго чейин акча алган.

Аталган жарандан жабыр тарткандар болсо 03222-6-64-02 телефону аркылуу Ак-Буура милиция бөлүмүнө байланышса болот.