«99 миң сом которгон». Баткенде жигит лотерея ойнотом деген жаранга алданып калган

Лотерея ойнотом деп алдап кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну 2022-жылдын апрель айында Ютубтан лотерея ойноткон жаранга М-Вапk капчыгы аркылуу терминалдан 99 миң сом акча которгонун жана бүгүнкү күнгө чейин лотерея ойнотпой, качып жүргөнүн билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Баткен ОИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында лотерея ойнотом деген жаран Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, 23 жаштагы жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.