«Аба ырайы жакшырса, тик учак учат». Министр Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 жаран тууралуу үн катты

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев социалдык тармактагы баракчасында Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 жаран тууралуу үн катты.

«Сиздерге Чаткал районундагы акыркы кырдаал боюнча кабарлап коюуну туура көрдүм. 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткен бойдон дайынсыз болгон. Издөө иштеринин натыйжасында, 16-октябрда 8 жаран аман-эсен табылды, калган 6 киши кар көчкүдө калган деген маалымат айтылууда.

Учурда катаал шарттарга байланыштуу издөө иштеринде колдонулган техникалар менен иштөө кыйынчылык жаратууда. Жеке тапшырмам менен жабыркагандарды табууга тик учак даяр. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу азырынча уча элек. Абал жакшырса, дароо жөнөйт. Тик учак менен эки жергиликтүү тургун барат, алар так жерди аныктаган соң ӨКМдин 6 адамдан турган чалгындоо тобу 2-3 күн ичинде жетип, издөө иштерин баштайт. Бул топ бардык керектүү жабдуулар, спутник аркылуу телефон менен үзгүлтүксүз мага маалымат берип турат. Анын артынан эле экинчи куткаруучу отряд жөнөтүлөт. Экинчи топ 6 ат менен жабдылып, жабыркагандарды эвакуациялайт. Бул кырдаал жеке көзөмөлүмдө. Кандай гана шарт болбосун, куткаруу операциясы үзгүлтүксүз улантылат», — деп айтылат маалыматта.