Абакка 50 сим-карта, 4680 димедрол таблеткаларын киргизүүгө аракет кылган аял кармалды

Москва районунун Беловодское айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине дарыларды жана сим-карталарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

18-октябрда аял киши абакка жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жакынына келген. Текшерүүдө инспекторлор продукциялардан 50 сим-картаны жана 4680 димедрол таблеткаларын табышкан. Аны туздалган бадыраңга жана калемпирге салган. Бул факты каттоого алынды.