Абакка баңгизат ташыгандар аныкталды. Алардын арасында жазасын өтөп жаткандар да бар

иллюстрация

Абакка баңгизаттарды ташуу фактысы боюнча соттолгон адамдар менен алардын шериги кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери ЖАМКтын тергөө жана ыкчам башкармалыктары менен биргеликте тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында эркинен абакка баңгизаттарды ташуу менен байланышкан кылмыштын бетин ачышты. Иш-чаранын жыйынтыгы менен өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташууга соттолгондордун дагы тиешеси бардыгы аныкталды. ИИМдин 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын мартында болжол менен таңкы саат 04:00дө белгисиз адамдар ЖАМКтын №1 мекемесинин аймагына баңгизатты ыргытып кетишкен. Бирок баңгизат салынган баштык көздөгөн жерине түшпөй, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан табылган.

Түзөтүү мекемесинин аймагындагы окуя болгон жерден өзгөчө жыты бар баңгизат салынган 10 литрлик желим канистр, 5 литрлик бөтөлкө табылган. Экспертизанын корутундусу боюнча 1,868 килограмм марихуана жана 42,072 грамм гашиш экендиги аныкталган. Мындан аркы тергөө амалдары Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен жүргүзүлө баштап, ИИМдин жана ЖАМКтын кызматкерлери соттолгондордун арасындагы шектүүлөрдүн изине түшүшкөн.

Шектүүлөрдүн бири ЖАМКтын №1 мекемесинде жазасын өтөп жатат. ИИМдин маалыматы боюнча жогорудагы жаран башка соттолгон адамдар менен сүйлөшүп алып, алар шериктери менен байланышып, баңгизаттарды ташуу жөнүндө макулдашышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде жаранга Жазык кодексинин 39-267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери соттолгондордун шериктерин кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде 2021-жылдын июнь айында ЖАМКтын мекемесинин бирине баңгизаттарды ташыган жаран кармалган. Аламүдүн райондук сотунун токтому менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.