Абакка торт киргизүүнү каалаган жаранга айып пул салынды

ЖАКтын №2 түзөтүү мекемесине тортко телефон катып киргизип берүүгө болгон аракетке бөгөт коюлду. Бкл тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Кызматкерлер тарабынан текшерип өткөрүү жайынан соттолгон жаранга 32 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран тамак-аш алып барган. Азык-түлүктү тиешелүү кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алганда торттун ичинен 1 SАMSUNG A-15 үлгүсүндөгү уюлдук каражаты табылган. Жогорудагы факты боюнча жаранга укук бузуулар жөнүндө кодексинин 446-беренесинин негизинде 17 миң 500 сом айып пул салынды.