Абакта жаткан 24 жаштагы жигит камералашынан акча талап кылып, жер тилкесин тартып алууга аракет кылган

Эркиндигинен ажыратуу жайларында опузалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан эркинен ажыратылган жерлерде жасалган кылмыштардын бети ачылды. Соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдар башка соттолгондордон коркутуу жолу менен акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун 2000-жылы туулган тургуну соттолгон, №25 ТКЖ (Ош шаары) тергөө абагында кармалгандыгы аныкталган. Аталган жаран мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турат. Ал дагы эки опузалоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Ошентип, аныкталган маалыматтар боюнча, жаран Жаза аткаруу кызматынын №25 камерасында отурганда 35 жаштагы камералашынан 10 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Соттолгон жаран туугандарына жана жакындарына кайрылып, талап кылынган сумманы опузалап акча талап кылган адамга которттурган. Мындан тышкары, бул жаран аны менен бирге бир камерада отурган, 38 жаштагы жаранды сабап, өлүм менен коркутуп, жер тилкесин ага өткөрүп берүүнү талап кылган.

Бул эки факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү “опузалап талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Соттолгон адамдын опузалап талап кылуунун башка фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.