«Абалдары жакшы дешти». Бишкек-Ош жолунда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыкта жабыркаган 2 жаран ооруканада

Кечээ, 13-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсык катталып, 7 адам каза болду.

Маалыматка караганда, аталган жолдун 210-чакырымында Mercedes-Benz менен Хонда Стрим сүзүшкөн. Mercedes-Benz унаасынын ичиндеги 3 жүргүнчү, Стрим унаасындагы 4 жүргүнчү көз жумган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсыктан 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилгенин билдиришти. «Абалдары жакшы дешти»,- деди басма сөз кызматкери.