«Абалдары орто». Нарындагы жол кырсыктан 47 жаштагы аял менен 14 жаштагы кыз жабыркады (сүрөт)

Нарындагы жол кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-август күнү саат 03:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Семиз Бел айылы) Audi 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган аял киши менен 2007-жылы туулган кыз жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары орто.