Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы жер маселелерине байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратуранын маалыматында иш боюнча төмөнкү учурлар белгиленген:

Конституциянын Жер кодексинин талаптарына ылайык, жер жана анын казынасы, жаратылыш байлыктары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана бирдиктүү экологиялык тутумду сактап калуу максатында колдонулат. Кыргызстандын жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда, андыктан жайыттар жеке менчикке же ижарага берилбейт.

Бирок УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамынын жана Жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, кол салган. Коррупциялык схема жана жайыт жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо аркылуу 49 жылга Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар аянттагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин алган. Ал жерге капиталдык курулуш иштерин жүргүзгөн, андан кийин өзүнүн кылмыштуу иштерин жашыруу үчүн ал тилкени туугандарына каттаткан.

Ошол эле учурда, А.Сегизбаев жана анын жакын туугандары К.Сегизбаев, Г.Кеңешова, ошондой эле Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, ошол учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен же каза болгон адамдардын атынан ишеним каттарды жасалма жол менен жасашкан. Алардын максаты алынган жерди мыйзамдаштыруу болгон. Аламүдүн райондук сотуна доо арыздарды берүү менен 92 тилкени менчиктештирип алышкан. Анын жалпы аянты 18,46 гектарды түзөт.

Мындан тышкары, А.Сегизбаев жана анын жакын туугандары жогорудагы жер тилкелерине, ошондой эле жакын тууганы К.Сегизбаевага катталган жайыт жерлерине жер салыгын төлөбөй келишкен. Эч кандай уруксат кагаздары жок, ар кандай капиталдык объектилерди өзүм билемдик менен орнотуп алышкан.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 20-январында Абдил Сегизбаевге Жазык кодексинин 319-коррупция беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жарышына талапкер катары катышкан Абдил Сегизбаев өзүнө каршы куугунтуктар болсо дагы өлкөдөн чыгып кетпей турганын, президенттик жарышта жеңишке жетпесе оппозициялык маанайда саясий жолду улантарын жарыялаган.