Абдил Сегизбаев 25-майга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык соту УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 25-майга чейин камакта калтырды.

Соттук отурум Сегизбаевдин катышуусунда өттү. Ал абакта негизсиз отурганын айтты.

Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан эле. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу.