Абдил Сегизбаев дагы 2 ай камакта болот

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы 25-майга чейин узарттылды. Тактап айтканда, ал УКМКнын тергөө абагында дагы 2 ай камакта болот. Мындай чечимди бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Сегизбаев сотко чогулган тарапташтарына: «Баары жакшы болот, чыдап тургула. Мени сындыра алышпайт», — деди.

Эске салсак, Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк Башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан эле.

27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу.