Абдил Сегизбаев ооруканадан СИЗОго которулду

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ооруканадан СИЗОго которулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жубайы Айнура Сегизбаева билдирди.

Анын айтымында, Сегизбаевдин 14 күн ооруканада дарылангандан соң, кайра убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, анын коронавируска тапшырган анализдеринин жыйынтыгы таза чыккан. «Анализдери таза чыкканы менен ал дагы эле алсыз», — деди жубайы.

28-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оор абалда ооруканага түшкөн. Ал коронавируска чалдыккан жана өнөкөт оорулары курчуп кеткен