Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы эртең каралмай болду

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 19-майда саат 18:00дө каралмак. Бирок соттук отурум эртеңкиге жылды. Бул тууралуу анын жубайы Айнура Сегизбаева Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ага тергөөчү чалып, соттук отурум эртең, 20-май саат 08:30га жылдырылганын айткан.

Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу. Ал эми  5-апрелде Бишкек шаардык соту Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 25-майга чейин камакта калтырган эле.