Абхазиядан жасалма документтер менен алынып келе жаткан 8 унаа аныкталды (сүрөт)

Абхазиядан контрабандалык жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө (экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери боюнча, Кыргыз Республикасынын «Чалдыбар-Унаа жолу» (кыргыз-казак чек арасынын) өткөрүү пунктунда Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан контрабандалык автоунааларды ташып келүүнүн белгиленген схемасы аныкталды. УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаралардын комплексинин жүрүшүндө, 9-июнда «Чалдыбар-Унаа жолу» өткөрүү пунктунан Вольво жүк ташуучу унаа менен 8 жүргүнчү ташыган унааны ташып келе жаткан Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:
— Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
— Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
— Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
— Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
— Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номери.

Андан кийин 8 унаасы менен «Вольво» маркасындагы автотрал, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди. «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан бажы жол-жобосуз алып келинген унаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат. Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө, бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек, андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек, же бажы жол-жобосунан өтүшү керек», — деп айтылат маалыматта.