Абитуриенттерден «ЖОЖго өткөрүп берем» деп акча алган аял кармалды

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 29-июлда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Кыргызстандын жараны кармалды.

Аталган акча абитуриенттерди борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине ийгиликтүү кабыл алуу үчүн берилген.  Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.