Абшыр-Атада 200дөй киши коопсуз жайга эвакуацияланды

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, 3 экскаватор, 2 самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, 7 самосвал, 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор 1 кран, жергиликтүү тургундардар 120 адам, 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган. Жеринде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды координациялоо үчүн ӨК министринин орун басарлары Акылбек Мазарипов, Эделбек Кулматов жөнөп кетишкен.

Куткаруучулар Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Абшыр-Ата шаркыратмасында эс алууга чыгып, бери өтө албай калган жарандар аман-эсен экендигин кабарланган. Абшыр-Ата эс алуучу жайына барган учурда 500гө жакын жаран бар экендиги аныкталган.