Абшыр-Сай дарыясындагы убактылуу орнотулган бетон трубаны дагы сел алды

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда сел жүрдү. Учурда жолдун 10, 54 жана 57-чакырым аралыктарында унаа каттамы жанданып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Ал эми Ош-Баткен-Раззаков жолунун 63-чакырымында (Абшыр-Сай дарыясы) убактылуу орнотулган бетон трубаларын сел алып, каттам токтоду. Жеринде №37 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барып, тез арада калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө. Ошондой эле, сел жүргөн Ноокат-Араван унаа жолунун 22-23-чакырымдар аралыгы менен ПАД-Аскалы жолунун 115-чакырымында жол ачылып, каттам берилди.

Шаркырап аккан суу ⁠Ош-Төлөйкөн унаа жолундагы (7, 4 жана 9-чакырымы) суу өткөрүүчү трубаларды алып кетүү коркунучун пайда кылды. Азыркы тапта каттам бар, №21 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү жумуштар жүрүп жатат.