Абылгазиев 26-майга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралып, сот аны камакта калуу мөөнөтүн 26-майга чейин узартты. Бул тууралуу аталган райондук соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

УКМК 26-январда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармаган. Ал премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон.