Адахан Мадумаров бүгүн эркиндикке чыгышы мүмкүнбү?

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы жана саясатчынын тууганы KG Эльмурат менен байланышканыбызда, «бүгүн Адахан Мадумаровдун тергөө абагынан чыгышын күтүп жатабыз» деди.

Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечими бүгүн, 25-апрелде күчүнө кирип, Мадумаров камактан чыгышы керек. «Соттун чечимине карата Мадумаров да, прокуратура да аппеляциялык арыз менен кайрылган эмес, демек бүгүн чыгыш керек»,- деди ал.

Редакция сотко кайрылганыбызда, маалымат такталарын айтышты.

Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп тапкан, бирок кылмыш ишинин эскилигин эске алып, жазадан бошоткон. Чечим күчүнө киргенге чейин саясатчы абакта калтырылган.