Адахан Мадумаров эркиндикке чыкты

Депутат Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыкты. Аны УКМКнын алдында тарапташтары тосуп алышты.

Ал журналисттин эркиндик боюнча суроосуна жооп берип жатып, жүрөгү эркиндикте болгонун айтты. Ошондой эле депутаттык мандат боюнча да кеп кылды. “Ушунун баары мандат үчүн болуп жатат. Башка маселеси жок. Биз күрөшүп келгенбиз, соңку демибиз чыкканча күрөшө беребиз”,- деди ал.