Адахан Мадумаров камакта калтырылды

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун чечиминин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Адахан Мадумаров 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.

Редакция Бишкек шаардык сотуна кайрылганыбызда, маалымат такталарын убадалашты.