Адахан Мадумаров камакта калтырылды

Бүгүн, 8-декабрда Биринчи Май сотунда депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Юлия Богданова журналисттерге билдирди.

«Биз бир катар өтүнүчтөрдү келтирдик. Кылмыш ишинин жашыруундугун алып салууну, жашыруун материалдарды өзүнчө томго бөлүп берүүнү өтүндүк. Муну четке кагышты. Анын ден соолугуна жана дарыгерлердин диагнозуна таянып, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурандык. Бул иште эскирүү мөөнөтү бар экенин айттык. Мадумаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча 75 депутаттын кайрылуусу да айтылды», — деди ал.

Анын айтымында, судья Мирбек Сатарбек уулу өтүнүчтөрдү четке кагып, отурумдарды ар бир шейшемби жана бейшембиге белгилеген.