Адахан Мадумаров шаардык соттун чечими менен абакта калтырылды

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго карата тандаган бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырып, ошондой эле саясатчынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Биринчи Май райондук соту буга чейин аны 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган чечим чыгарган.

Соттук процесс жүрүп жаткан учурда Мадумаровдун тарапташтары соттун имаратынын жанына чогулуп, анын бошотулушун талап кылып жатышты.

Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, камакка алынган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.