Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Кимдер чакырылган?

Бүгүн, 1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум жабык эшик артында уланууда.

Сотко Токон Мамытов, Исмаил Исаков жана Исхак Масалиев чакырылган. Ишти судья Мирбек Сатарбек уулу карап жатат.