Адахан Мадумаровдун иши сотто каралат

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда каралат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум саат 14:30да каралат.

Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, камакка алынган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.