2020-жылдан бери оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Өзбек жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Оор кылмышка шектелген (адам өлтүрүү, тоноочулук, сот чечимине каршы чыккан) 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган өзбекстандык Кыргызстанда жашырынып жүрүшү тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринен жыйынтыгында шектүү Кыргызстандын аймагынан кармалды. Учурда шектүүнү Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси каралууда», — деп жазылат маалыматта.