Адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран изделип жатат

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы киши өлтүрүүгө шектелген эки кыргызстандыкты издеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«20-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Үч-Терек районунда арыктан зомбулук менен каза болгон европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өлтүрүлгөн адамдын аты-жөнү такталган — ал 44 жаштагы жаран болгон. Алдын ала маалымат боюнча, июнь айында ал эки жанындагы — 32 жаштагы Тилек Жаанбаев жана 24 жаштагы Марлен Аптандил уулун салып унаасы менен Орусиядан кеткен. Кыргызстанга келгенде ал киши өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам кызматкерлер унаанын жайгашкан жерин аныктоого жетишкен. Кылмышкерлер тергөөдөн жашырынып жүрүшөт.

Тилек Жаанбаев менен Марлен Аптандил уулунун жүргөн жерин билгендер милицияга төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0312266261 (ГУУУР ИИМ), 0700045555, 0553551118, 0500676318, 0500676318, 0500676318. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.