«Адам уурдап, 100 миң сом талап кылышкан». Кылмышка шектүүлөр үй камагына чыгарылды

Кечээ, 20-сентябрда Чүй ОИИБден Чүй районунда адам уурдоого шектелип 3 жигит кармалганын билдиришкен. Ал эми бүгүн, 21-сентябрда алардын үй камагына чыкканы маалым болду.

Чүй облустук сотунун СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине берген маалыматына караганда, прокурор үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчүн келтирген. Мындан тышкары жабырлануучу тосмо арыз жазып берген. Сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырган.  

1990-жылы туулган жаранга 27, 26 жаштагы үч жигит күч колдонушуп, аны белгисиз тарапка уурдап барышканы маалым болгон. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгышып, коркутушуп, 100 миң сом акча талап кылышканы айтылган. Факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (киши уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.