Адам уурдоого шектелип Жалал-Абаддын тургуну кармалды

Милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жакында эле социалдык тармактарда болжол менен базарлардын биринде ак түстөгү унаа менен үч белгисиз киши бир адамдын денесине залал келтирип, күч менен унаага салып белгисиз жакка алып кетишкен видео тараган. Ушуга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин алып барышкан. Белгиленген маалыматтар боюнча укук бузуу борбор калаанын базарларынын биринде болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышты жасашкан шектүүлөрдүн бири — Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда мындан аркы ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары ишке ашырылууда.