Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н. аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И. 113 шайлоочуга добуш сатып алуу үчүн 55 миң 500 сом суммасында акча каражатын өткөрүп бергендиги, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга Мбанкка акча которуу жолу менен бергендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. жана «Адилет» саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабынын жашаган жерин тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталган.
Жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө И.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталынган. Тергөө иштери жүргүзлүүдө, жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.