Адвокат: «Абдил Сегизбаевге «Белизгейт» боюнча гана айып тагылган»

УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев мыйзамсыз кармалды, деп эсептейт жактоочусу Кантемир Турдалиев. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-февралдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда А.Сегизбаевге «Белизгейт» окуясы боюнча гана айып тагылган. Бирок жактоочу тергөөнүн жүрүшүндө маалыматтарды жайылтпоо тууралуу кол койгонуна байланыштуу ачык булактарга гана таяна турганын айтты.

Жактоочунун айтымында, А.Сегизбаевге 2016-жылы «Белизгейт» боюнча документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өткөрүп берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы президентке баш иет.

«Сегизбаев журналисттер менен болгон маекте: «Бир жолу Атамбаев мага телефон чалып, документтерди тапшырып, карап чыгууга үч күн убакыт берди. Бул документтердеги бир катар маалыматтар тастыкталды. Андан кийин мен аларды Атамбаевге кайтарып бердим. Жанында жүргөн адам документтерди сүрөткө тартып алган. Мен муну жайылтпаш керек, аягына чейин иликтөө керек деп айткам, бирок ага карабастан видео тартылып, ошол эле күнү кечинде сыналгыга чыкты» деген.

Сегизбаевге коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз жана эч кандай далилдер жок. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда А.Шыкмаматовду, А.Салянованы жана Ө.Текебаевди дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы үчүн чара көрүү жөнүндөгү арыз 2017-жылы 17-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан жокко чыгарылган жана кайрадан арыз жазылган эмес.

А.Сагизбаев Салянованы, Текебаевди жана Шыкмаматовду «Белизгейт» боюнча эч качан айыптаган эмес»,— деди жактоочу.

Турдалиев бул документтерди жалпыга маалымдоо каражаттарына ким жайылтканын тергөө аныкташы керектигин кошумчалады.

Жактоочу Сегизбаевге карата баш коргоо чарасы бардык жагдайды эске албастан мыйзамсыз берилгенин айтып, аны өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылганын билдирди. Бул иш 16-февралда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Ал эми буга чейин Башкы прокурор Зулушев Сегизбаевге 6 кылмыш иши козголгонун жазып чыккан.

Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган болчу. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.

Ал эми 3-февралда анын шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) суракка алып кетишкен. Асанова тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган эле. Абакта жаткан Сегизбаев кайрылуу жасап, анын штабында иштеген адамдар эч кандай мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан эле.