Аэропортто кызды күч менен унаага салган окуя. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

Бүгүн интернет булактарында азиат түспөлүндөгү белгисиз адам аялды күч колдонуп, унаага отургузган видео тараган. ИИМ бул боюнча маалымат таратты.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, бул факты бирдиктүү реестрге катталып, ИИМдин транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери териштирип башташкан. Алар видеого жазылган автоунааны текшерүү учурунда Хюндай Соната автоунаасын Ысык-Ата районунун 22 жаштагы тургуну айдап жүргөнү аныкталды. 15-апрель түнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында ал менен анын жубайынын ортосунда ички ар кандай келишпестиктерден улам түшүнбөстүктөр пайда болгон.

Учурда жубайлардын бири-бирине дооматтары жок экенин тергөө органдарына билдиришти. Ага карабастан аталган факты боюнча тергөө өз ишин улантууда.